#ConstsotKG аппаратынын жетекчиси Марат Джаманкулов «Акыйкат Кареги — кылмыш-жаза сот адилеттигине мониторинг жасоо үчүн методологиялык чечимдер» конференциясына катышкан. Иш-чарада кылмыш-жаза сот адилеттигинин мыйзамдарында жана иш жүзүндө адам укуктарынын, гендердик теңчиликтин сакталышы, дискриминацияга жол бербөө, ачыктык жана отчеттуулук стандарттарынын сакталышын баалоо үчүн мониторинг жана аракет кылуу механизми көрсөтүлгөн.
Сунушталган механизмди талкуулоо учурунда Марат Джаманкулов #ConstsotKGге жарандык коом тарабынан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын, бирок алардын көбү конституциялык мыйзам талаптарына жооп бербегендиктен, өндүрүшкө кабыл алынбай жатканын белгиледи.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.






