«Rule of Law for All» электрондук платформасы Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн мыйзам үстөмдүгү жана кылмыш-жаза сот адилеттиги жаатындагы реформаларына арналган ресурс, ал англис, казак, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Платформада бир нече негизги бөлүмдөр бар: жаңылыктар, китепкана, методология жана өлкөлөрдүн рейтинги , булар колдонуучуларды актуалдуу кабарлар жана талдоо куралдары менен камсыздап турат.
Платформа Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен эки маанилүү долбоордун алкагында, бири Казакстанда – «Укуктук саясатты изилдөө борбору» (LPRC) коомдук фонду менен «Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» (IPHR) менен биргеликте «Бардыгы үчүн мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү боюнча жарандык коомдун макулдашылган аракеттери», ал эми Кыргызстанда – “Юристтер адам укуктары үчүн” уюму IPHR менен биргеликте иштешкен «Акыйкат Кареги” – кылмыш-жаза сот адилеттиги секторунун мониторинги боюнча жарандык коомдун улуттук тармагы» долбоорлору аркылуу ишке ашырылган.
«Методология» бөлүмүндө эл аралык стандарттардын жана алдыңкы тажрыйбалардын негизинде иштелип чыккан кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумуна мониторинг жасоо жана баалоо боюнча универсалдуу курал бар. Анда сегиз негизги тармак — кылмыш-жаза саясаты, сот системасы, прокуратура, адвокатура, юридикалык жардам, сотко чейинки этап, соттук этап жана кылмыш-жаза аткаруу системалары камтылган.
«Өлкөлөр рейтинги» бөлүмүндө долбоордун ишинин алкагындагы жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы бар. Рейтинг жакшыртууну талап кылган тармактарды көрсөтүп жана эффективдүүлүктү баалоо үчүн маанилүү инструмент боло алат, ошондой эле тиешелүү өлкөлөрдө зарыл болгон реформаларды колдоо үчүн негиз болуп кызмат кылат.