Мазмунга өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ АДИЛЕТТИГИ СИСТЕМАСЫНЫН МОНИТОРИНГИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА ОТЧЕТ: ЖАЗА АТКАРУУ СИСТЕМАСЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ АДИЛЕТТИГИ СИСТЕМАСЫНЫН МОНИТОРИНГИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА ОТЧЕТ: ЖАЗА АТКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Бул талдоочу отчет Европа Биримдигинин колдоосу менен “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” уюму жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында «Voice of Freedom» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде даярдалган.

Отчет долбоордун алкагында белгилүү эл аралык жана улуттук эксперттер иштеп чыккан комплекстүү Кылмыш-жаза сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүүнүн методологиясына ылайык, 8-тармакты (Жаза аткаруу системасын) камтыйт.  Бул “Акыйкат Кареги” улуттук тармагынын мүчөлөрү тарабынан жаңы методологияны колдонуу менен жана долбоордун эксперттеринин колдоосу менен жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде даярдалган талдоочу отчеттордун сериясынын бөлүгү болуп саналат.

Баалоонун натыйжалары өлкөнүн пенитенциардык системасынын мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы эл аралык стандарттарга жарым-жартылай гана туура келет деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. 8-тармак Жаза аткаруу системасынын жалпы жыйынтыктоочу баасы мүмкүн болгон 32 упайдын 14,5 упайын түзөт.

Пенитенциардык системаны гумандуу башкарууну камсыз кылуу үчүн улуттук саясат жана мыйзамдар камактагы адамдардын укуктарын коргоо үчүн иштелип чыккан бир катар эл аралык стандарттарды жетекчиликке алышы керек, мисалы, БУУнун документтери: камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттык эрежелери (Нельсон Мандела), Кармоого же камакка кандай гана формада болбосун алынган бардык адамдарды коргоо принциптеринин жыйындысы, Жашы жете электерге карата сот адилеттигин ишке ашыруунун минималдуу стандарттык эрежелери (Пекин эрежелери); Эркиндигинен ажыратылган жашы жетпегендерди коргоо боюнча БУУнун эрежелери; Камакка алынган аялдарга мамиле кылуу жана мыйзам бузган бирок эркиндигинен ажыратылбаган аялдарды жазалоо чаралары боюнча БУУ эрежелери (Бангкок эрежелери), укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жүрүм-турум кодекси жана башкалар.

Пенитенциардык системаны башкаруунун сапатын баалоо критерийи ушул документтерде белгиленген стандарттарды ишке ашыруу деңгээли болууга тийиш. Түзөтүү мекемелеринин администрацияларынын бул стандарттарды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү көптөгөн факторлорго, анын ичинде өкмөт тарабынан камак жайларга карата иштелип чыккан саясий стратегиянын болушуна, башкаруунун так жол-жоболоруна жана эң башкысы түрмө кызматкерлерин кылдат тандоого жана даярдоого көз каранды.

Изилдөөнүн жыйынтыктары жаза аткаруу мекемелеринин медициналык кызматын жалпы жарандык саламаттык сактоо системасына интеграциялоо процессин тездетүү зарылдыгын тастыктайт.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү корутундулар чыгарылды:

— Бир катар түзөтүү мекемелеринде кармоо шарттары эл аралык стандарттардын минималдуу талаптарына жана улуттук мыйзамдардын жоболоруна жооп бербейт.

— Камакта кармоонун шарттарындагы олуттуу айырмачылыктарга карабастан, көпчүлүк мекемелердеги төмөнкүдөй жагдайлар тез арада чечүүнү талап кылат:

  • камактагы бир адамдын орду үчүн аянттын стандартын сактабоо (бир учурда ондон ашык адам бир камерада кармалган учурлар бар);
  • камсыздоодогу көйгөйлөр:
  • ичүүчү сууга дайыма жетпөө көйгөйү,
  • сапаттуу тамак-аштын жетиштестиги, 
  • даараткана буюмдары жана жеке тазалык каражаттары, 
  • эс алууга керектүү буюмдар жана таза шейшеп,
  • таза дааратканага жекече кирүү, 
  • жуунуу мүмкүнчүлүгү.

— Бир катар мекемелердеги айып изоляторунда же камера тибиндеги жайларда кармоонун шарттарын адамгерчиликсиз жана ар-намысты басмырлаган мамилеге теңештирүүгө болот. Айып изоляторунда/камера тибиндеги жайларда адамдарды кармоо шарттары менен ошол эле мекемеде башка камактагыларды кармоо шарттарынын ортосундагы олуттуу айырма, тартиптик жаза чаралары колдонулган камактагыларга карата басмырлоону ачык көрсөтүп турат. Ошондой эле адамды айып изоляторуна/камера тибиндеги жайларга киргизүү чечимине даттанууга мүмкүнчүлүк жок.

— Түзөтүү мекемелеринде медициналык кызмат бар экендигине карабастан, абакта отурган көптөгөн адамдар медциналык жардамдын чектелүү экендигине, ооруган адамдардын даттанууларын билүү үчүн дарыгердин камераларды анда-санда кыдыруусуна, медициналык кароонун өткөрүлбөгөнүнө, квалификациялуу медицина адистеринин жана тар профилдеги адистердин жоктугуна, дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын жетишсиздигине, имараттарды жана мекеменин аймагын санитардык жактан таза кармоонун талаптары сакталбагандыгына нааразылыктарын билдиришти. 

— Оор дартка чалдыккан адамдарды камакта кармоого тыюу салууну, ошондой эле катуу оорулууларды жазаны андан ары өтөөдөн бошотууну белгилеген өкмөттүн эки токтомунун талаптары аткарылбай жатат.

— Изилдөөнүн катышуучуларынын көбү жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин аларга болгон мамилесин урматтоо катары баалап, басмырланбаганын жана өздөрүн коопсуз сезишкенин белгилешти. Бирок сурамжылоого катышкандардын дээрлик ар бир төртүнчүсү физикалык зомбулукка же психологиялык кысымга кабылганын айтышкан (19 пайызы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жана 4 пайызы түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринен).

— Бул изилдөөнүн объектилери болгон аярлуу топтордун критерийлерине туура келген адамдар ар кандай аярлуу топко таандык болгондугуна байланыштуу, мекемелердин кызматкерлери тарабынан кыйноолорго же катаал мамилеге дуушар болушпайт. Ошол эле учурда камактагылардын жалпы контингентинен изилдөөгө катышкандар укук коргоо органдарынын кызматкерлери, түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери, ошондой эле камакта отурган башка адамдар тарабынан психологиялык басым жана физикалык зомбулук фактыларын билдиришкен.

— Аярлуу топторго кирген изилдөөнүн катышуучуларынын көпчүлүгү мекемелерде алар үчүн түзүлгөн шарттарды начар деп баалашты. Улгайып калган адамдар мамлекет тарабынан белгиленген социалдык жеңилдиктердин жана төлөмдөрдүн бөлүнбөй жатканын белгилешти. Аялдар тийиштүү гигиеналык каражаттарды жетиштүү ала алышпайт жана жеке муктаждыктарына ылайык өздөрүнө кам көрө алышпайт.

— Соттолгондордун негизги контингентин кармоонун шарттарыреспубликанын ар кайсы мекемелеринде бир топ айырмаланат. Бирок изилдөөгө камтылган адамдардын аярлуу категорияларынын камакта кармоо шарттары менен, соттолгондордун жалпы категориясындагы камакта кармоонун шарттарынан эч кандай айырмачылыктар катталган эмес.

— Буга карабастан, кээ бир учурларда аярлуу топтордун өзгөчөлүктөрүн жана бөтөнчө муктаждыктарын эске албоо катаал, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле же жаза катары бааланарын белгилей кетүү керек. Атап айтканда, камактагылардын негизги контингенти кире алган бардык жайлардын ден соолугунун улам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлашпаганы, шарттардын жана физикалык жетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу ырайымсыз жана адамгерчиликсиз мамиле жасоонун бир түрү болуп саналат.

— Камактагылардын квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүсүнүн чектелгендиги белгиленди, бул алардын коргонуу укугун бузат. Респонденттердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам реестринин адвокаттарынын кызматына канааттанбайт.

Түзөтүү системасынын мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын укуктарынын белгилүү болгон бузууларын четтетүү максатында, бул изилдөөдөгү сунуштарды ишке ашыруу сунушталат.

Изилдөөдөн алынган маалыматтар адамдарды камакта жана эркиндигинен ажыраткан жайларда кармоонун бирдиктүү улуттук стандарттарын кайра карап жана иштеп чыгууда башат болуп калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тутумун реформалоо боюнча көптөгөн аракеттер көрүлдү. Мындан ары да биргелешкен күч-аракеттер менен сот адилеттигин ишке ашыруу жана жаза аткаруу системасын өркүндөтүү жагынан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун жогорку деңгээлге биргелешип чыгара аларыбызга ишенебиз.

Отчетту китепканага жүктөп алууга болот – отчеттун толук көлөмү орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү, резюме англис тилинде.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул басылманын мазмуну “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун жоопкерчилигинде жана сөзсүз эле Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз