КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ АДИЛЕТТИГИ СИСТЕМАСЫНЫН МОНИТОРИНГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОТЧЕТ: КЫЛМЫШ-ЖАЗА САЯСАТЫ

Бул талдоочу отчет Европа Биримдигинин колдоосу менен “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” уюму жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында, Кыргызстандагы сот адилеттиги тармагына мониторинг жүргүзүү боюнча “Акыйкат Кареги” улуттук тармагынын мүчөсү тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде даярдалды.
Отчет долбоордун алкагында белгилүү эл аралык жана улуттук эксперттер иштеп чыккан комплекстүү Кылмыш-жаза сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүүнүн методологиясына ылайык, 1-тармакты (Кылмыш-жаза саясаты) камтыйт. Бул “Акыйкат Кареги” уюмунун мүчөлөрү тарабынан жаңы методологияны пайдаланып жана долбоордун эксперттеринин колдоосу менен жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде даярдалган талдоочу отчеттордун сериясынын бөлүгү болуп саналат.
1-сфера Кылмыш-жаза саясаты 13 индикаторду камтып (23 көзөмөлдүк көрсөткүч), алардын эл аралык стандарттарга ылайык келери изилденген. Изилдөөнүн жыйынтыгында эксперттер тобу төмөнкүдөй олуттуу тыянактарды чыгарышкан:
- Кыргызстанда кылмыш-жаза саясатынын толук формалдаштырылган доктринасы жок, анын негизинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик концепциялар жана программалар түзүлүп, ошондой эле кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилиши керек эле.
- Кылмыш-жаза мыйзамдарынын принциптери өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде бекитилген, бирок жаңы мыйзамдарды кабыл алууда айрым принциптер мыйзам чыгаруучу тарабынан дайыма эле эске алынбайт. Кийинки мыйзамдык реформа Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүндөгү ченемдерди кылмыш-укуктук принциптерге ылайык келтирүүгө багытталууга тийиш.
- Коррупциялык кылмыштар үчүн кылмышты куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү жана айып өкүмүн аткаруу институту эл аралык стандарттарга туура келбейт.
- Колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинде кылмыш жасагандыгы үчүн юридикалык жактарга таасир көрсөтүү чаралары каралган эмес, бул эл аралык милдеттенмелерге туура келбейт.
- Мүлктү атайын конфискациялоо институту мыйзамдарды кайра карап чыгууну талап кылат, ал эми укук колдонуу практикасы текши иштеген жок.
1-сфера Кылмыш-жаза саясаты боюнча жалпы жыйынтык баа мүмкүн болгон 23 упайдын 12,5 упайын түздү. Негизги көрсөткүчтөрдүн ар биринде мамлекеттик органдарга кылмыш-жаза мыйзамдарын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, ошондой эле кылмыш-жаза сот адилеттиги чөйрөсүндө бирдей укук колдонуу практикасын калыптандыруу боюнча тиешелүү сунуштар келтирилген.
Белгилей кете турган жагдай, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун натыйжалуу өнөктөштүгү изилденүүчү маселелер боюнча өтө тереңдикке жетишүүгө, ошондой эле мыйзамдардагы жана аны колдонуу практикасындагы мүмкүн болуучу кемчиликтерди түшүнүүгө жол ачат.
Отчетту китепканага жүктөп алууга болот – отчеттун толук көлөмү орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү, резюме англис тилинде.
Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул басылманын мазмуну “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун жоопкерчилигинде жана сөзсүз эле Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.





