Мазмунга өтүү

Бишкекте «Мен – жаранмын» аттуу интерактивдүү театралдык спектакль тартууланды

Бишкекте «Мен – жаранмын» аттуу интерактивдүү театралдык спектакль тартууланды

Бишкекте заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган “Мен жаранмын” интерактивдүү театралдаштырылган спектакль тартууланды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун демилгеси, “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” (IPHR) жана «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду менен биргеликте, Европа Биримдигинин колдоосу менен, «Акыйкат Кареги – кылмыш-жаза сот адилеттиги секторунун мониторинги боюнча жарандык коомдун улуттук тармагы» долбоорунун алкагында даярдалган.

“Акыйкат Кареги” тармагынын мүчөлөрү алардын юристтери алып барган иш боюнча эң бир аярлуу катмардагы жарандарды коргоого жол ачкан Конституциялык соттун оң чечими тууралуу кубанычтуу жаңылыктары менен бөлүштү.  

Көчөгө коюлган социалдык спектаклге ыктыярчылар, юристтер, адвокаттар, артисттер, бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору да катышты. Бардыгы биригип өмүрдү, укуктарды жана эркиндиктерди даңазалаган бирдиктүү кыймылга аралашты; биринчи жолу сөзү Кыялбек Урманбетовго, музыкасы Бакыт Алишеровго таандык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гимни аткарылды.


Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз