Мазмунга өтүү

2024-жылдын сентябрында «Акыйкат Кареги» тармагынын мүчөлөрү үчүн окуу сапары уюштурулган. 

2024-жылдын сентябрында «Акыйкат Кареги» тармагынын мүчөлөрү үчүн окуу сапары уюштурулган. 

Окуу сапардын жүрүшүндө Эстониянын Башкы прокуратурасынын өкулдөрү менен жолугушуу болуп, анда сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгүнүн маселелери талкууланган. Катышуучулар эстон парламентине да барышып, депутат Эдуард Одинц менен жолугуп, коррупцияга каршы демилгелер жана адам укуктарын коргоодогу мыйзам ыкмалары боюнча пикир алышкан.

Мындан тышкары, делегация Эстониянын адвокатурасынын жана Таллин шаардык сот системасынын өкүлдөрү менен жолугушту, бул аларга сот системасында жарандардын укуктарын коргоого багытталган тажрыйбалар жана жол-жоболор менен көбүрөөк таанышууга мүмкүндүк берди. Санариптик тажрыйба алмашуунун алкагында, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү үчүн инновациялык IT-чечимдерди ишке киргизүүгө көмөктөшүүчү “Түндүк” платформасын иштеп чыккан ECO компаниясы менен жолугушуу болуп өттү.

Бул окуу сапары эл аралык деңгээлде иштешүүнү бекемдөөгө жардам берип, «Акыйкат Карегинин» тармактарынын ишинде алдыңкы эстон тажрыйбаларын пайдаланууга өбөлгө түзөт. 

Окуу сапары IPHR тарабынан уюштурулган.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз