Мазмунга өтүү

2024-жылдын 4-6-ноябрь күндөрү Ысык-Көлдө мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн координациялык көчмө кеңешмеси болгон

2024-жылдын 4-6-ноябрь күндөрү Ысык-Көлдө мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн координациялык көчмө кеңешмеси болгон

2024-жылдын 4-6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун жана БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында, Ысык-Көлдө мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн координациялык көчмө кеңешмеси болуп өттү. 

Иш-чараны кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Бакытбек Касымкулов, ошондой эле ичине ЕККУ жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлдөрү кирген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер ачышты. Үч күн бою катышуучулар учурдагы жыйынтыктарды талкуулоо менен бирге, кыйноолордун алдын алууга жана камакта кармалган адамдардын шарттарын жакшыртууга багытталган чараларды жакшыртуу боюнча негизги багыттарды белгилешти. 

Иш алып баруу топтук сессиялар форматында уюштурулуп, анда укуктук кепилдиктер, балдардын жана аялдардын укуктарынын корголушу, камакта кармоонун шарттары жана кыйноолорду иликтөө системасын өркүндөтүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды. Катышуучулар тажрыйба алмашып, адам укуктарын коргоо механизмдерин чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды макулдаша алышты.

Кеңешме биргелешкен иш аракеттерди пландаштыруу жана өлкөдөгү кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуучу кызматташтыктын кийинки этаптарын аныктоо менен жыйынтыкталды.

Бул жолугушуу ЕККУ өнөктөштөрүнүн, БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын жана биздин долбоор «Акыйкат Карегинин” колдоосу менен өткөрүлдү. 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз