Мазмунга өтүү

18-ноябрда «Кылмыш-жаза сот системасында мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын ишке ашыруу» аталышындагы тегерек стол болуп өттү

18-ноябрда «Кылмыш-жаза сот системасында мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын ишке ашыруу» аталышындагы тегерек стол болуп өттү

2024-жылдын 18-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча Кеңеши, “Баланын укугун коргоочулар лигасы”, IPHR жана «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду биргелешип, Европа Биримдиги каржылаган “Акыйкат Кареги” долбоорунун алкагында тегерек стол өткөрүлдү. 

Иш-чаранын негизги максаты — сотко чейинки жана соттук териштирүү стадияларында мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарынын сакталышы боюнча, кылмыш-жаза сот адилеттиги системасынын мониторингинин жыйынтыктарын талкуулоо болгон.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу астында даярдалды. Бул басылманын мазмуну Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укугу үчүн» КФ жоопкерчилигинин предмети болуп эсептелет жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз

Ошондой эле окуңуз