Мазмунга өтүү

«Акыйкат Кареги – кылмыш-жаза сот адилеттиги секторунун мониторинги боюнча жарандык коомдун улуттук тармагы» долбоору.

«Акыйкат Кареги – кылмыш-жаза сот адилеттиги секторунун мониторинги боюнча жарандык коомдун улуттук тармагы» долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, 2022-2025-жылдарда «Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» (IPHR) менен “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылган. 

Долбоор адам укуктарын сактоого негизделип жана жыйынтыкка багытталган Кыргызстандын сот адилеттиги тутумундагы көйгөйлөргө көңүл буруу, мониторинг жүргүзүү, талдоо өткөрүүдө жарандык коомдун потенциалын күчтөндүрүү аркылуу Кыргызстанда сот адилеттигинин ишин жакшыртуу жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө максатында иштелип чыккан.

Долбоор иштеп турган мезгилде, белгилүү улуттук жана эл аралык эксперттердин жетекчилиги астында негизги сегиз багытты (кылмыш-жаза саясаты, сот системасы, прокуратура, адвокатура, юридикалык жардам, сотко чейинки этап, соттук этап жана кылмыш-жаза аткаруу системалары) камтыган Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот адилеттиги системасына мониторинг жасоо методологиясы иштелип чыккан. Бул методология кылмыш-жаза сот адилеттиги тармагындагы эл аралык стандарттарга жана алдыңкы тажрыйбаларга негизделип, мониторинг жасоо менен баалоонун универсалдуу куралы катары түзүлгөн. Ал кылмыш-жаза тармагынын ар түрдүү секторлорундагы чечүүнү талап кылган проблемаларды ачыкка чыгаруу жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн, учурдагы мыйзамдарга жана тажрыйбаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо жасоо үчүн жол-жоболорду жана инструменттерди көрсөтөт.

2023-2024-жылдарда бул долбоордун алкагында жогорудагы методология «Акыйкат Кареги» жарандык коому түзгөн улуттук тармактарда иш жүзүнө ашырылган. Долбоор иштеп жаткан бардык мезгилде сот адилеттиги жаатындагы мыйзамдардын жана саясаттын ишке ашуусуна эффективдүү мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого зарыл болгон тийиштүү билимди, инструменттер менен ресурстарды белгилүү улуттук жана эл аралык эксперттердин тобунун насаатчылыгы аркылуу алышкан. Долбоор алкагында ишке ашырылган мониторинг миссияларынын ишмердүүлүгүнүн бүтүмдөрү, ошондой эле долбоордун башка жыйынтыктары азыркы учурда ушул электрондук аянтта берилген. Долбоор өз ишмердүүлүгүн 2025-жылдын жазында аяктап, артына Кыргызстандын сот адилеттиги тутумуна мониторинг жүргүзүүнүн туруктуу механизми катары жогорудагы методологияны калтырды. Ошондой эле мониторингдин максаттары үчүн түзүлгөн жарандык коомчулуктун тармагын да калтырып, ал долбоор аяктагандан кийин да иштеп, долбоордун жыйынтыктарынын туруктуулугун камсыздап келе жатат. 

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз