Мазмунга өтүү


Казакстанда бардыгы үчүн мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү боюнча жарандык коомдун макулдашылган аракеттери

Долбоордун максаты — жарандык коомдун активдүү катышуусу аркылуу Казакстанда мыйзам үстөмдүгүн жана сот адилеттигин бекемдөө. Бул максатка жетүү үчүн долбоор Казакстанда мыйзам үстөмдүгү боюнча Улуттук тармакты (КМҮУТ) түзүүгө көмөктөшөт. Анын милдети адам укуктарын сактоого жана мониторинг, баалоо жүргүзүүгө жардам берүү болуп саналат. Долбоор жарандык коомдун мыйзам үстөмдүгүнө жана кылмыш-жаза сот адилеттигинин процесстерине көбүрөөк катышуусуна көмөктөшүү аркылуу, Казакстандагы реформаларга таасир этүүчү жана адам укуктарын илгерилетүү үчүн туруктуу платформаны түзүүгө багытталган.

Милдеттер:

1) мыйзам үстөмдүгүнө жана сот адилеттигине байланыштуу реформалардын аткарылышына байкоо жүргүзүүдө жарандык коомдун ролун күчөтүү жана колдоо;

2) аялдардын, жаштардын жана башка аярлуу топтордун укуктарын талап кылынгандай эске алган жана алардын иш жүзүнө эффективдүү ашырылышына багытталган адам укуктарына негизделген реформаларды алга жылдыруу үчүн өкмөт менен жигердүү иштешүү. 

Негизги максаттуу топтор 

1) жарандык коом уюмдары жана жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде аялдардын, жаштардын, балдардын, мигранттардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана башка аярлуу топтордун укуктарын коргогондор;

2) улуттук бийлик органдарынын өкүлдөрү;

3) эл аралык институттардын өкүлдөрү;

4) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

Долбоордун негизги компоненттери: 

  • Укук үстөмдүгү академиясы жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүн мыйзам үстөмдүгү жана кылмыш-жаза сот адилеттиги маселелерине мониторинг жүргүзүү жана талдоо боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүүгө үйрөтүүнү жана насаатчылык кылууну көздөйт. Академиянын болуп өткөн иштери жөнүндө көбүрөөк биле аласыз [бул жерде].
  • Долбоор системанын жана жол-жоболордун иштешин терең талдоо үчүн иштелип чыккан кылмыш-жаза сот адилеттигине мониторинг жүргүзүү методологиясын шайкеш келтирет жана колдонот. КМҮУТ мүчөлөрү аталган методологияны маалыматтарды чогултуу жана талдоо үчүн колдонууга үйрөнүшөт, бул аларга укук колдонуу практикасындагы көйгөйлөрдү аныктоого жана конкреттүү сунуштарды берүүгө мүмкүндүк берет.
  • Долбоор алкагында мыйзам үстөмдүгүнүн проблемалары боюнча үч Улуттук форум өткөрүлөт. Аларда улуттук жана аймактык деңгээлдеги мыйзам үстөмдүгү жана кылмыш-жаза сот адилеттиги жаатындагы реформалар, мониторингдин жыйынтыктары жана андан аркы реформалар үчүн сунуштар талкууланат. Бул иш-чаралар түзүмдүк талкуулар үчүн жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын, юридикалык жана академиялык коомчулук өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдү бириктирет. Болуп өткөн иш-чаралар тууралуу бул жерден билүүгө болот.    
  • Долбоор КМҮУТ мүчөлөрүнүн мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кайра карап чыгуу боюнча өкмөттүк жана парламенттик демилгелердин жумушчу топторуна катышуусуна колдоо көрсөтөт. Бул жарандык коомдун укуктук ченемдерди калыптандырууга таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун жана алардын эл аралык милдеттенмелерге ылайык келишин камсыз кылат.
  • КМҮУТ мүчөлөрү адам укуктарын коргоого багытталган стратегиялык соттук териштирүүгө катышат. Бул иштер аярлуу топторду коргоо жана сот адилеттигинин сапатын жакшыртуу үчүн жөрөлгөлөрдү түзүүгө жардам берет.
  • Долбоор ЖМК жана коомдук иш-чаралар аркылуу мыйзам үстөмдүгү жана кылмыш-жаза сот адилеттиги жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу кампаниясын камтыйт. КМҮУТ мүчөлөрү журналисттер менен өз ара иштешүүгө, ошондой эле реформа процесстерин жана аларды ишке ашырууда жарандык коомдун ролун түшүнүүнү жогорулатуу үчүн контент жаратууга үйрөнүшөт.
  • «Укуктук саясатты изилдөө борбору» коомдук фонду (УСИБ) жана “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” (IPHR) менен бирге Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан долбоор 3 жылга — 2024-жылдын башынан 2026-жылдын аягына чейин иштейт. Ал Казакстанда мыйзам үстөмдүгүн колдоо жана сот адилеттиги системасынын көйгөйлөрүнө жооп берүү үчүн жарандык коомдун потенциалын жогорулатууга багытталган. Долбоордун жалпы бюджети 777,895 еврону түзөт. Европа Биримдигинин салымы  – 739,000 евро.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн info@lprc.kz электрондук дарегине кайрылыңыз.

Жарыяны бөлүшүү

Же шилтемени көчүрүңүз